Бекзада Жолборсова кубанычтуу кабар айтты

Бекзада Жолборсова кубанычтуу кабар айтты

02-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Блогер Бекзада Жолборсова март айында маегинде » бала темасы мага катуу тиет» деп көзүнө жаш алган.

Ал эми азыр болсо кубанычтуу кабар менен бөлүштү, ал кош бойлуу экендигин жарыялап,ага бала тилеген жакшы сөздөр менен жубаткан катталуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

» Мен бул кубанычымды жашырсам сиздерге карата калыстык болбой калат. Азыр биз чексиз бактылуубуз», деген Бекзада.

Айта кетсек, актер Эрмек Таалайбеков менен Бекзада Жолборсова 2017  — жылы баш кошушкан.

Булак: Аргумент кж