Бекназаров: Бийлик бизди жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп мыйзамсыз камап отурат

Бекназаров: Бийлик бизди жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп мыйзамсыз камап отурат

01-жетинин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева
Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, азыр Бишкектин №1 тергөө абагында камакта отурган Азимбек Бекназаров социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү жарыялады, ал Кемпир-Абад боюнча пикирин билдирип чыккандардын эч кимиси жапырт башаламандыкка чакырбаганын айтты.
«Бийлик бизди жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп мыйзамсыз камап отурат. Биздин саясий көз карашыбыз ар түрдүү, бирок Кемпир-Абад маселесинде бир пикирдебиз” — деди Бекназаров.