Бекер жоогазындан белек жасайм деп гүл уурдап…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аялдар майрамына жакын бир коропка жоогазын гүлүн уурдаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта,  Көкшетау аймагында  гүл саткан дүкөндөрдүн биринен жоогазын гүлү салынган көлөмдүү короапка гүлү менен уурдалып кеткен. Дүкөндүн ээси келтирилген чыгымды 90 миң теңгеге баалаган. Аялдын айтымында, жоогазындарды сактап калуу үчүн гүл салынган коропка бир нече мүнөткө эле сыртка чыгарылган эле. Бул учурда аны сырттан байкап калган жаран көтөрө качкан.  Милиция кызматкерлери жарым сааттын ичинде 48 жаштагы шектүү кармаган. Ал гүдү уурдаганын мойнуна алып, каякка катканын айтып берген. Ошондой эле майрамда гүлдү сатып аялына белек алууну пландаганын жашырган эмес. Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 188-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Жоогазындар ​​дүкөнгө кайтарылды.

Аргумент.kg