Бекболот Талгарбеков: «Кыргызстан-Өзбекстан чек ара келишимин элдик референдумга алып чыгуу керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Бекболот агай, кечээ Жогорку Кеңештин комитетиндеги чек ара боюнча талкууга сиз да катышыпсыз…

— Ооба. Ал жерге ЖК мурдагы төрагалары (М.Шеримкулов, А.Матубраимов), оппозициянын жана биздин «Коомдук кеңеш» уюмунун өкүлдөрү катышты. Эскерте кетсем, биздин уюмдун бийликке да, оппозицияга да тиешеси жок. Калыс позицияны карманып келе жатабыз.

— Талкуу оң натыйжа бердиби?

— Ал өтө зарыл болгону анык тастыкталды. Анткени, каралган маселе боюнча толук кандуу маалымат боло элек болчу. Коомчулук негизинен имиштерге таянып ар түркүн пикирлерди айтып, жазып жатты. Буга чейин бийлик маалымат жагынан чабалдыгын көрсөтүп келген. Кечээ алгачкы ирет кеңири маалымат берилди. Баяндаманы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жасады.

— Сиздердин «Коомдук кеңеш» уюмунун теңтөрагасы, генерал Исмаил Исаков келишимдин долбоорун кубаттай турганын белгилептир…

— Ал киши буга чейин бийликтин чек ара боюнча аракетин сындап келген. Бирок долбоор менен таанышкан соң, «мамлекеттик коопсуздук өңүтүнөн алганда оор чечимдердин ичинен бизге жарактуусун тандайлы» деген принципти айтып, эки өлкөнүн ынтымагы үчүн бул маселени кечиктирбей чечуу зарылдыгын белгиледи.

— Катышкандардын пикири кандай болду?

— Баары тең баса белгилеген жагдай – бул чек ара маселесине өтө олуттуу, аяр мамиле жасоо жана аны саясатташтырбоо болду. Ал эми талкуу жүрүшүндө келишим боюнча ачакей пикирлердин айтылганын пайдалуу көрүнүш катары гана кабылдообуз зарыл. Бийлик өкүлдөрү да, аларга каршы тарап да өз жүйөлөрүн далилдүү жана ынанымдуу айтып жатышты.

— Сиз өзүңүз кандай сунуш айтаар элеңиз?

— Мен азыркы өлкө жетекчилерине «биздин тагдырды кайталабагыла!» деген кеңеш айтат элем. Президент Садыр Жапаровдун бул чек ара боюнча учурдагы акыбалы биринчи президент Аскар Акаевдин 2002-жылдагы Кытай өлкөсү менен чек ара маселесин чечүүдөгү акыбалына окшошуп турат.

Эске салсак, Акаев ошол кездеги кытай лидери Цзян Цземиндин өтө жылуу мамилесинен пайдаланып, талаш жердин (Үзөңгү-Кууш) 70 пайызын бизге алып, ал эми 30 пайызын Кытай тарапка берип, маселени бизге пайдалуу чечкен. Бирок ошол кездеги оппозиция «Акаев Үзөңгү-Куушту сатып жиберди» деген ушак маалыматты көпчүлүктүн мээсине куюп, ал андан кийин Аксы окуясына кептеп, сонунда 2005-жылкы мамлекеттик төңкөрүш менен аяктабадыбы.

Ал эми азыр Садыр Жапаров да учурдагы өзбек президенти Шафкат Мирзиёевдин кыргыз элине болгон жылуу мамилесин колдонуп, кыргыз-өзбек чек ара маселесин толук жана биротоло чечип алууга аракет жасап жатканы кечээ белгилүү болду. Бирок келечекте «Жапаров туура чечкен» дешкен жүз жарандын пикири унутулуп, «Жапаров кыргыздын жерин сатып жиберген» дешкен он жарандын пикири түбөлүккө жашап калышы толук ыктымал. Ушул жагдайды өлкө жетекчилери эске алышса.

— Кечээ тармактык комитет ал келишимдин долбоорун колдоптур го?

— Тилекке каршы, жалпы элде учурдагы парламентке ишеним өтө эле аз. Эгер Жогорку Кеңеш бул келишимди ратификация жасай турган болсо, анда «президент аны күчкө салып өткөрдү» деген түшүнүк коомчулукта кала берет. Ошол себептен, «ратификация кылаардан мурда жамы журтка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анан ал келишимди жалпы элдик референдумга алып чыгуу зарыл» деп эсептейм. Бул талаш жана татаал маселени кыргыз элибиз өзү чечсин! Эгер келишим элден колдоо таппаса, анда чек арадагы азыркы статус-квону сактап, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөө керек.

Булак: Саясат.kg

Аргумент.kg