Бекболот Талгарбеков: «Элди кымбатчылык кара тумоодой эле каптады»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылдагы ийгилик, кемчиликтери боюнча экс-министр агабызга суроо узаттык.

— Бекболот байке, өкмөттүн 2022-жылды кандай жыйынтыктаганы боюнча сурообуз бар эле. Кайрылган себебим, учурда сиздин көздөй шакиртиңиз Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук комитетин, ал эми жакын иниңиз Акылбек Жапаров министрлер кабинетин жетектеп келатышат. Демек, сиз өкмөттүн ишине кайдыгер болбосоңуз керек. Алгач шакиртиңиз менен мамилеңизди тактап алсак болобу? Кандайча таанышкансыз? 

— Мен 1997-жылы Жалал-Абад облусуна губернатор болуп баргам. Ошол кезде Камчыбек отуз жашка чыга элек жаш ишкер экен. Анын тың мүнөзүн, иштермандыгын байкап, аппаратка кызматка алгам. Кийин 2002-жылы өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр болуп дайындалганымда, аны Бишкекке чакырып, өзүмө жардамчы кылдым. Андан соң Ленин районунун акиминин биринчи орун басарлыгына котордум. Камчыбек ал жерде эки жыл иштеп, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.

— Камчыбек Ташиев сизди «менин улуу устатым» деп ачык жарыялап келет. Кандай таалим-тарбия бердиңиз эле?

— Албетте, биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу системасында ийгиликтүү иш алып кетүүсүнө көмөк көрсөттүм. Анан дагы, кыргыз аткаминерлеринин бир чоң оорусу бар эмеспи, «коррупция» деген. Ошондуктан Камчыбекке «эч качан элдин ырыскысына, мамлекеттин казынасына кол салба» деп көп айтчумун. Бул маселеде шакиртим ишеничти толук актады. Учурда «Ташиев эмгек жолунда бир кирпич же бир сотых жер менчиктеп алыптыр, жетекчилик кызматта жеп-ичиптир» деп эч ким айта албайт. Шакиртим мекен үчүн жанын бергенге даяр, иштерман, адамдык сапаттары бийик инсан экенине сыймыктанам.

— Учурдагы ишине кандай баа бересиз?

— Өткөн жылы тажик бийлиги эмне үчүн өлкөбүзгө согуш ачып, басып кирди? Анткени алар кыргыз армиясынын чабал экенин билишкен. Бирок Камчыбек Ташиевдин түздөн-түз жетекчилиги алдында биздин жоокерлер баскынчылардын ташталканын чыгара алышты. Өткөн жылы кыргыз армиясы мурда болуп көрбөгөндөй күчтөндүрүлдү. Мамлекетибиздин коопсуздугу эки жыл мурдагы абалга салыштырмалуу абдан бекемделди. Албетте, фактыларды ачык айта албайм. Алар аскердик сыр болуп саналат. Ошондой эле жоокерлердин, чек арачылардын, чекисттердин материалдык-техникалык базасы чыңдалды, социалдык шарттары жакшыртылды, айлык акылары бир нече эсе көтөрүлдү. Бул маселелер шакиртимдин талыкпаган эмгегинин натыйжасында чечилгенин белгилей кетейин.

— Коррупцияга каршы күрөшүн кандай баалайсыз?

— Бул жерде көйгөйлөр бар. Образдуу айтсак, биздин өлкөдө дүркүрөп өскөн коррупциянын «дарагынын» бутактарын Камчыбек аёосуз кыркып эле келе жатат. Өзү да таза иштеп келүүдө. Бирок, учурда Кыргызстанда орнотулган неофеодалдык мамлекеттик башкаруу системасында ал «дарактын» тамырлары жабыркай турган эмес. Эки жылдан бери тынымсыз алмашылып жаткан министр, губернатор, мэр, аким жана башка жетекчилер кантип, кандай критерийлер менен кызматка дайындалып жатышканын коомчулук да, эл дагы билбейт. Ал кадрлардын далайы коррупцияга малынганын көрүп жатабыз го? Демек, терең талдоого негиздер бар. Менимче, жакында (февраль айында) жарыялана турган коррупциянын деңгээлинин дүйнөлүк рейтингинде (2022-жыл үчүн) Кыргызстан оң жылышсыз, өз ордунда эле калса керек.

— Эми Акылбек Жапаровдун ишмердигине өтсөк. Жакында берген маегинде өткөн жылы өлкөдө экономикалык ийгиликтер болгонун жарыя кылды. Бирок сиз ал иниңизди сындап эле келе жатасыз. Эмне себептен анын иши купулуңузга толбойт?

— Анын тажрыйбалуу жана өз ишин билген финансист экени талашсыз. Бирок, ал министрлер кабинетин жетектеген соң экономикалык ой жүгүртүү, иш алып баруу деңгээлине көтөрүлсө болмок. Ага дарамети жетпей койду. Аныгында каржы министринин деңгээлинде гана иш кылып келе жатат. Анын «салыкты көп чогултуп, бюджеттин кирешесин көбөйтөм, анын эсебинен айлык акы, пенсия, жөлөк пул көлөмдөрүн жогорулатам» деген программасы, иш-аракети экономиканын бийик талаптарына жооп бере албайт. СССР мезгилинде жумушка жарамдуулардын токсон пайызы мамлекет берген кызматтарда иштешкенде, айлык акынын көбөйүшү маанилүү болчу. Азыр рынок экономикасында өкмөттөн айлык алгандардын саны он беш пайыз болсо керек. Акылбек Жапаровдун прогрессивдүү экономикалык көз карашы, билими, олуттуу экономикалык программасы жок экени кашкайган факт.

— Ал эмне кылышы керек? 

— Азыркы финансылык программасын каржы министрине тапшырып, ал эми өзү экономикалык саясатка өтүшү керек деп эсептейм.

— Сиз кандай сунуш берет элеңиз? 

— Бизге окшогон жакыр өлкөнүн экономикалык программасынын өзөгүн экспортту көбөйтүү, ал эми импортту азайтуу маселеси түзүшү зарыл. Артка сереп салсак, СССР маалында биз дотацияда турган республика болгонбуз. Себеби союздун бюджетинин капчыгын калыңдаткан мунай, газ, алтын ж.б. кен байлыктары, өнөр жай өндүрүшү бизде аз көлөмдө болгон. СССР кулаганда эгемен Кыргызстан экспорт жана импорт катнашында оор тескери баланска өткөн. Алсак, 1991-жылы биздин өлкөнүн экспорту 36 миллион рублди, ал эми импорту 1011 миллион рублди түзгөн. Карасаңыз, эгемен өлкөбүздүн тышкы соодасында алгачкы жылы экспорттун үлүшү 3 гана пайыз, ал эми импорттун үлүшү 97 пайыз болгон! Соңунда, 2004-жылы гана биздин өлкөдө экспорт жана импорт көлөмдөрү алгачкы жолу теңме-тең абалга жеткен. Кийинки 2005-жылга түзүлгөн өлкөнүн өнүгүү планында жалпы тышкы соодада экспорттун үлүшүн 60 пайызга көтөрүү, ал эми импорттун үлүшүн 40 пайызга түшүрүү каралган эле. Март төңкөрүшү бул пландын быт-чытын чыгарды. Кийин эмне болду? Убактылуу өкмөт бийликке келгенден тарта өлкөдө экономикалык регресс туруктуу орун алып, 2010-2020-жылдары импорттун көлөмү экспорт көлөмүнөн үч эсеге көбөйүп, натыйжада бул мезгилде Кыргызстандан 25 миллиард доллар сыртка чыккан. Эгер ошол эле он жылдыкта кыргыз мигранттары өлкөгө 25 миллиард доллар которбогондо, анда экономикалык коллапс орун алып, 2020-жылы АКШнын бир доллары болжолу кыргыздын үч жүз сомуна барабар болмок. Эми ошол экономикалык регрессти Акылбек Жапаров жетектеген өкмөт токтото алдыбы? Тилекке каршы, токтото алган жок. Фактыга кайрылалы. Өткөн жылы (азырынча январь-сентябрь айларынын маалыматы) Кыргызстандын экспорту 1 миллиард 860 миллион долларды түзсө, ал эми импорту 7 миллиард 797 миллион долларды чапчыды. Демек, өлкөнүн тышкы соода катнашында экспорттун үлүшү 19 пайыз, импорттун үлүшү болсо 81 пайыз. Экспорт жана импорт тескери балансынан улам соңку эки жылда өлкөбүз он миллиард доллардан кол жууду. Кыргыз мигранттары которушкан акча менен ал сумманын жарымы гана толукталды. Ал эми Улуттук банк сомдун курсун сактап туруш үчүн өткөн жылы эле 420 миллион доллар интервенция (резервдеги доллар акчаны коммерциялык банктардагы сомдорго сатуу) кылууга мажбур болду. Бирок товарлардын баасынын инфляциясын ооздуктоого өкмөттүн чамасы, акылы да жетпеди. Элди кымбатчылык кара тумоодой эле каптады. Баалар 100-300 пайызга чейин өстү. Жыйынтыгында Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли соңку эки жылда 25 пайыздан 38 пайызга көтөрүлдү. Салыштырсаңыз, эгер экспорт жана импорт тескери балансынан мурдагы он жылда (2010-2020-жж.) өлкө 25 миллиард доллардан айрылса, соңку эки жылда эле 10 миллиард доллардан куржалак калды! Кымбатчылык асмандан түшө калган жок да. Ошондо Акылбек Жапаров кайсы экономикалык ийгиликтерди айтып жатат? Андан көрө ал элдин «кулагына кесме илмей» адатын, кооз жомокторун токтотуп, экономикалык саясатын өзгөртүп, быйылкы 2023-жыл жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экспорт жана импорт көлөмдөрүн жок дегенде теңдештире алса, анда баарыбыз (арасында мен биринчи болуп) кол чаап, ага алкыш айтат элек.

— Акылбек Жапаров сиз айтып жаткан экономикалык саясатка өтүп, натыйжалуу иш алып бара алабы?

— Тарыхты карап көрөлү. Түштүк Корея өткөн кылымдын 60-жылдары жакыр өлкө болгон. Ошондой жагдайда, 1963-жылы президент болуп Пак Чон Хи шайланган. Ал дароо беш жылдык өнүгүү планын кабыл алат. Ал пландын өзөгүн «Баарынан экспорт маанилүү! Улутту экспортту өнүктүрүү аркылуу көтөрөбүз!» деген идеология түзөт. Баардык иш-аракеттер ушул багытта жасалат. Биринчи беш жылда экспорт жыйырма эсеге көбөйүп, ал эми импорт эки эсеге азаят. Натыйжада Түштүк Кореянын «экономикалык кереметинин» фундаменти тургузулган. Ошол кездеги Түштүк Кореянын тажрыйбасы учурдагы Кыргызстанга аба менен суудай зарыл болуп турат. Менин маалыматым боюнча Кыргызстан быйыл Сауд Арабия өлкөсүнөн бир миллиард доллар үстөксүз кредит алат. Бул жакшы жаңылык. Эгер ал кредит толугу менен өндүргөн продукциялары экспортко жөнөтүлө турган чакан жана орто бизнести колдоого, өнүктүрүүгө жумшала турган болсо, анда өкмөт экономикалык бурулушту, өсүштү камсыз кылат эле. Айта кетсем, Түштүк Кореянын биринчи беш жылдык планынын натыйжасында экспорт товарларын өндүрүшкөн чакан жана орто ишканалардын саны үч жүз пайызга көбөйгөн. Ал ишканалар өнүгүп отурушуп, соңунда бүткүл дүйнөгө таанымал «Самсунг», «Хюндай», «ЛЖ Электроник» ж.б. корпорацияларга айланышканы белгилүү. Ал эми Акылбек иним мындай жаңы жолго түшө алабы? Ишеним аз. Кыязы, быйыл деле ал «бюджетти көбөйтөм, айлык акы, пенсияны жогорулатам» деген эле эски ырын созсо керек.

Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg