Бек Борбиев: Бычакка сап жигиттерибизди сактай алган жокпуз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биз кыргыздар эмнеге мындай элбиз? Эмнеге бычакка сап жигиттерибизди сактай албайбыз? Тескерисинче ур-токмоко алабыз, көрө албайбыз, сөгөбүз, боктойбуз, өлтүрүп койгондон кайра тартпайбыз. Эртең эл кызматына керек дебейбиз. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев билдирди.

«Кечээ милиция кызматкерлеринин майрамы болуп өттү. Фейсбуктагы лента Муса Конгантиев жана Самат Курманкуловдун сүрөт-видеолоруна толуп кетиптир. Демек коомубузда, дегеле карапайым калкта жакшы милиционер дегенде ушул эки инсан ойго келет деп түшүнсөк болчудай.

Муса акени капитан кезинен бери билчүмүн. Экөөбүз биртуугандашкан ага ини элек. Көп жакшылык, өйдө-төмөндү чогуу көрдүк. Кийинчерээк акем жөнүндө бир эскерүү жазсамбы деп жүрөм.

Ал эми, Саматты 2011-12 жылдары таанып калган жайым бар. Менин Жаш гвардия — Л. Толстой көчөлөрүндү жайгашкан студиям уурдалып кеткен эле. Милиционерлер, биз өзүбүз үзүлүп түшүп издегенибизге карабай табылбай калды. Бир жыл өткөн соң, уурдалган аппаратуранын бир буюмун өзүбүзгө келип сатып алгыла деп бирөөлөр келиптир. Биздин балдар буюмду дароо таанып, шаардык милиция менен байланышып, ууруларды кармашат. Мени буюм ээси катары чакырганынан бардым. Адашпасам ошондо Самат шаардагы кылмыш иликтөө боюнча башчысы экен. Билимдүү, курч, өз ишинин профессионалы экени көрүнүп турду. Баракелде, Кыргыз милициясынын келечегине көп салымын кошчу жигит экен деп кайтканбыз.

Бирок, тагдыр экен ( башынын жаракаты өтө оор эле), Муса аке өтүп кетти. Самат оору менен ( баш сөөгү ыргытылган таштан талкаланган) алышып атканын көрүп жүрөк ооруйт.

Айтар кебим мындай калайык. (Экөө тең сырттан келген жоодон эмес, өзүбүздүн элдин колунан таш жеп отурат).

Биз кыргыздар эмнеге мындай элбиз? Эмнеге бычакка сап жигиттерибизди сактай албайбыз? Тескерисинче ур-токмоко алабыз, көрө албайбыз, сөгөбүз, боктойбуз, өлтүрүп койгондон кайра тартпайбыз. Эртең эл кызматына керек дебейбиз. Бизде деле бала бар анын ордуна иштей турган дейбиз. Балабыз келесоо болсо дагы аны колдойбуз. А кыйынды эч качан кыйын дебейбиз. Күлүктү күлүк дебейбиз. Ар бир аттан эле күлүк чыга бербесин билбейбиз же билгибиз келбейт.

Тарыхта кыргыз баатырды баатыр деген жана аларга ханга мамиле кылгандай сыйлашкан. Анткени эртең жоо келсе, катаал күндөр келсе эл тагдыры ошолорун колунда болоорун билишкен. Жогоруда айтылган жаман жосундар кийин эле пайда болду замандаш. Ушул учурда аябай өнүккөн жеринде жашап жатабыз. Бул жакшы эмес, бул билимсиздик, акылсыздык, бул айбандык. Бул өнөкөт өнүгүүгө алып барбайт.

Чындыкты укпай, кооз сүйлөгөн короздорго ишенип калдык.

Көздү ач журтум, баатырыңды кадырла. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок, баарыбыз өтөбүз. Бирок, ошол баатырлардын изи кылымдарга калат, алар аз. Миңден бирөө, он миң, жүз миңден бирөө», — дейт Бек Борбиев.

Аргумент.kg