
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев кармалды
11-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, 10-октябрда коопсуздук комитеттин кызматкерлери буга чейин козголгон кылмыш ишинин (4-октябрда) алкагында Бажы кызматынан төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевди суракка чакырган. Сурактан кийин ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Азырынча Карашевдин кайсы эпизод боюнча кармалганы белгисиз.
Булак: Аргумент кж