«Батуми» кафесин талкалатканы үчүн жарым-жартылай жаза алган Нурдан Орунтаев

«Батуми» кафесин талкалатканы үчүн жарым-жартылай жаза алган Нурдан Орунтаев

10-кулжа, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге УКМК кылмыш ишин козгоп, “Батуми” кафесин талкалатканы үчүн жарым-жартылай жазаламыш этти. Бирок, бул эргул дердейип, кызматынан кете турган түрү жок. “Батумиге” 3 миллион сом төлөп берүүгө милдеткер болгон. Тергөөчү, анан вице-мэрликке коно калган “бала баатыр” миллиондорду каяктан таап берет? Же шаардын көрүнгөн жерин талкалап жүрүп, калтасын кампайтканбы? Айтор, көпчүлүк түшүнбөй жатат. Бул кайдан чыккан шок эле? Таңгаласың. Аныгында, Орунтаевге карата жоопкерчиликти УКМК күчөтүп, бир жаңсыл кылбайбы? “Чала жан” калтырбай. Эл күтүп атат. А баса, Нурдан Орунтаев ИИМде тергөөчү болуп жүргөндө былыгы чыгып, кылмыш иши козголгонун кайда жашырабыз? Аскер прокуратурасынан ыйлап, бакырып-өкүрүп жатып кутулуп кетсе, азыр дагы ошондой артисттигине салдыбы? Кабыргасынан турган суроолор арбын.

“Азия Ньюс” гезити