Баткендин жерин тажиктерге өткөрүүгө шектелген Жеңиш Разаков жазасын алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жергиликтүү элдин датын уккан. Кайрылгандар бир ооздон Жеңиш Разаковго ачууланышып, Баткендин жерин Тажикстанга өткөрүп салганын, каршы чыккандарды коркутканын айтышкан.

Дал ушул эргулдун айынан чыр-чатактар байма-бай болгону, жерибиздин коңшу өлкөгө өтүп кеткени талкуу жараткан. Садыр Жапаров тийешелүү документтерди карап, Жеңиш Разаковго баа бере турганын убадалаган. Эми чыныгы күнөөкөр жазасын алабы?

Эске салсак, мурунку бийликтердин убагында Разаков Баткен ОИИБ начальниги, губернатор, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Дал ушунун убагындагы тажиктер менен талаш жараткан жерлерди бийлик тыкыр иликтеп, жазасын берсе, кийинки чиновниктерге да сабак болот эле.

Чындык.медиа

 

Аргумент.kg