
Баткенде үч тургунду алдап кетүүгө шектелип чет өлкөлүк кармалды
12-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБаткендин Кадамжай районунда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну быйылкы жылдын июль айында чет өлкөлүк жаранга пластик эшик-терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөн, милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучуларга жалпысынан 104 миң сомдук зыян келгендиги аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Ю.А. аттуу чет өлкөлүк жаран аныкталып, Бүргөндү айылынан колго түшүлүргөн.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: Аргумент кж