Баткенде аткезчилик жолу менен Тажикстанга ташылган дары-дармек алынды

Баткенде аткезчилик жолу менен Тажикстанга ташылган дары-дармек алынды

28-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Лейлек районунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампасынан аткезчилик товарлары табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 16 миң куту медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү сакталган.

Булак: Аргумент кж