Баткенде 27 жаштагы жоокер каза тапты

Баткенде 27 жаштагы жоокер каза тапты

10-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Баткендеги чек ара отрядында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапты. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

маалыматка караганда, 27 жаштагы Ы. уулу С. аттуу прапорщик 8-ноябрда спорттук атайын иш-чараларды өткөрүү учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин бузуунун натыйжасында баш мээсинен жаракат алып, ыкчам түрдө Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай жоокер каза тапты.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилди. Териштирүү жүрүп жатат.

Булак; Аргумент кж