Баткен окуясынан жабыр тарткандарды алдап кеткен

Баткен окуясынан жабыр тарткандарды алдап кеткен

17-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Баткен облустук милициясы алдамчылык менен ири суммадагы акча алып качып жүргөн жаранды издөөдө.

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну ири суммадагы акчасын алдатып ийген жаранга чара көрүп брүүсүн суранып милицияга арыз жазган. Анын айтымында,  2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу
күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен.
Аталган факты боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Издөөдө жүргөн адамды көрүп-билгендер  Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78 номерине байланышуусун билдиришет.