Коом

Батир алып берем деген сүйгөнүм депутат болуп мени унутту

Эки жылдан бери өзүмдөн бир топ жаш улуу адам менен жакын мамиледемин. Жашы улуу болгону менен жүрөгү жаш, жаш жигиттерге караганда каржы маселемди ошол замат чечип берет. Бул жагынан мага кудай жакшы адамды берген деп калам. Мага батир алып берем деп жүргөндө парламенттеги бир депутат кетип, партиясынан ага сунуш тушуптүр. Тез эле берчу акчасын берип депутат болуп алды. Эки айдан бери чалсам телефонун албай, мага жолукпай койду. Түшүнүп жатам. Депутат болуу оңой эмес, болгондо да ал кызматка убактылуу барса да ошол орундукка отуруп көргүсү келсе керек. Менин батириме деген акчасына кошуп бергенби айтор батиирсиз да калдым. Мына эки айдан кийин депутаттык кызматан да кетет. Кайрылып келерин унутуп койгондой. Көрсө адамдар ушундай жан экенбиз, кызматка келер менен баарын унутуп калды. Депутат болгондо эле асманда учуп калбаса керек, баягыдай телефон тиктеп отурсан жакында сурөтүн жарыяланат ошондо депутаттык кресло жардам берет бекен дейм?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *