Коом

Башына кайнак суу куюп, кайчы менен кескилеп, шампур менен энесин сайгылап өлтүргөн

Мас энесин 12 жашар уулу кайнак суу куюп өлтүрүп шампур, пинцеп кайчы менен сайгылап кескилеп салган. Бул тууралуу 78.ру сайты жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Питердин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде катталган.Каза болгон аялдын сөөгүн мас болуп уктап жаткан күйөөсү көруп коркуп кетип туугандарына чалган. Ал эми акыл эси кем эгиз уулдары канга боелгон абалда ойноп отурушкан.  Милициянан божомолунда эгиз балдардын бири кунугө мас абалында урушкан ата энесинен тажап, энеси уктап жатканга кайнак сууну башынан ылдый куюп, шишкебектин таякчасы менен сайгылап өлтүргөн. Ошондой эле кайчы менен денесинин ар кайсы жерлеринин баарып кескилеп салган.

Эгиздин түгөйү энесин кескилеп жатканда экинчиси аны карап турган. Ал эми мас абалда уктап жаткан атасы үйдө эмне болгонун сезген эмес. Ал эми кошуналары болсо бул үй-бүлө аракечтиктен жабыркап келишкен. Тынчы жок үй-бүлө болгонун айтышкан. Ошондой эле аялды күйөөсү өлтүрүп алып, акылы кем бала ойноп кескилеп салышы мүмкүн дешет.  Буга чейин бул үй-бүлө социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп келген. Акыл эси кем балдар жоопкерчиликке тартылбайт, учурда алар атайын мекемеге алынып келинген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *