
Басенжи — үргөндү билбеген, кабагы бүркөө ит
11-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСиз үргөндү билбеген иттерди аз же такыр көрө элек болсоңуз керек. Себеби айылдардагы биз билген иттер короо кайтарып, үйдү чоочун кишилерден коруп турат. Ошентсе да дүйнөдө үргөңдө билбеген иттер да жок эмес.
Үргөндү билбеген иттердин бири Басенжи болуп саналат. Алар иттердин байыркы тукумуна кирип, болжол менен 5 миң жыл мурда борбордук Африкада пайда болгон.
Айрым маалыматтар боюнча, бул иттер Байыркы Египетте кадырланып, алар фараондорго сыйга тартууланып келген. Алар бул иттерди ардактап, тумар катары санашкан.
Африкадагы айрым мамлекеттерде басенжи азыркы күнгө чейин аң уулоодо колдонулуп, аңчылык жөндөмү үчүн бааланып келет.
Басенжи тазалыкты жактырган жандык. Ошентсе да ал сууга түшкөндү жакшы көрбөйт. Алар мышыктар сыяктуу жуунуп-тазаланып турушат.
Булак: Аргумент кж