Баса албайт. Абактагы экс-депутаттын абалы оор

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

СИЗО-1 абагында камалып, ачкачылык жарыялап жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына бара алган жок. Буга анын ден соолугунун абалы себеп болгон.

Маалыматка ылайык, анын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери носилкага жаткырып, камерасынан короого алып чыгышкан.

Бүгүн жактоочусу менен да жолугушууга чыга албай койгону кошумчаланды.

Ошондой эле Нарматованын ачкачылык жарыялагандан кийинки сүрөтү жарыяланды. Аны Нарматованын жактоочусу жүрөгүн текшерткени тез жардам менен чыкканда тартып алган.

Аргумент.kg