Аялым менен эки жылдай сүйлөшүп жүруп баш кошконбуз.  Бирге түтүн булатканы аялымдын кылыгы апама жакпай койду. Биздин жашоо эрежеде келин эч кимге каяша айтпайт болгон үй оокатын кылат. Буга чейин эки жеңем бир жыл кетип келип жашашып, кийин бөлунуп кетишкен. Апам дайыма жеңелерим жалкоо экенин айтып калчу. Апамды кордогон жеңелериме жинип келип аялымдын алардан айырмаланып турушун кааладым. Эки жолу апамдын кабагы бузулуп калганынан аялыма кол көтөрдүм. Бул окуядан кийин аялымдын кабагы ачылбай калган. Кийин төркүнүмө барып келем деп кеткен бойдон келбей койду. Мен да артынан барган жокмун. Көп өтпөй улуу эжесинин баласын багып Москвага кетип калыптыр. Арадан алты ай өттү. Досторумдун үйунө барганда жаркылдаган аяштарыма досторум мендей каарын төкпөй турганын байкадым. Алар өз үйүндө жүргөндөй эркин жашай турганын көрдүм. Катамды түшүндүм. Аялым менен кайрадан жашоо баштасам деген оюм бар, бирок ал мени кечирбейт го. Апамдын бут кийми текчеге тазаланып турбаганына жинип келип катуу уруп койгон элем. Кантип кечирип сурап, өткөндөгү кылыгымды жууйм?