Банк журналистке Бакиевдин VIP-коттедждери жөнүндөгү репортажы үчүн иш козгоону талап кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

БТА-банк Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан, көз карандысыз журналист Элнура Алкановага карата кылмыш иш козгошун талап кылды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасында Алканова өзү билдирди.
Анын айтымында, банк ага карата КРдын Кылмыш кодексинин 190,193,194-беренелери боюнча иш козгоону талап кылууда.
«Банк ырастагандай, иликтөөнүн жүрүшүндө коммерциялык сырды түзгөн документтер жалпыга жарыяланган, айтсак, «банктын аффилярдык жактары тууралуу» маалымат», — деп нааразы болду журналист.
Эске салсак, буга чейин атайын «Фергана» маалыматтык агенттиги үчүн кыргызстандык журналист Элнура Алканова иликтөө жүргүзүп, депутатардын пикири боюнча мамлекетке аз дегенде 10 миллион доллар чыгым алып келген Максим Бакиевдин VIP-коттедждерин сатып алуу боюнча чатактуу келишимдин артында ким турарын аныктаган болчу.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Алканова, Айбек Мурзаев (Данияр Үсөновдун уулу) деген бирөө, мамлекеттен “Элиталык шаарчасын” сатып алган компаниянын кошо ээси экенин аныктаган.
Булак: barometr.kg

Аргумент.kg