Балдарымдын атасы кайын атам, күйөөм бул тууралуу билбейт
25-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиеваташтаган жок, андан кечирим сурап, баарын айтып берди. Күйөөм алыс жакка кетип калды,
апасы менен гана сүйлөшүп турат.
Күйөөмдөн алимент өндүрөйүн деп сотко кайрылсам, сот арызымды четке кагып койду. Кайын атам жардам берет, балдар аныкы да. Балдарым дайыма атасын, чоң атасын сурашат, чоң
атасы алардын өз атасы экенин аларга кантип түшүндүрөм.
Ата-энеме бардым, бирок алар мени кабыл алган жок, батирге чыктым, жумушка орноштум, балдарым балдар бакчасына барат, ушинтип жашап келе жатам. Турмушка чыккан жокмун, кайын атам жакында эмгек өргүүсүнө чыкты, балдар менен катташпайт. Жадакалса мени менен өз ата-энем дагы байланышпайт.
Өзүмдүн атам ооруп доктурга келип, менин кабылдамама түшүп калды, бир сөз айпастан чыгып кетти, башка дарыгерге барып көрүндү. Көп жыл өттү, балдарым медициналык окуу жайда окуп жатышат, аларда баары жакшы, мен жалгыз калдым.
Күйөөм жакында үйлөндү. Мен ага абдан кубанычтамын, ал чынында жакшы адам, бирок мен
аны сүйө албадым.
Мага окшогон жагдайга ким кабыл болсо, жалынып-жалбарам, бирөөнүн дагы, өзүңөрдүн дагы үй-бүлөнү бузбагыла, бул баары бир эч кимге бакыт алып келбейт. Канчалык катуу сүйсөңүз дагы, эч качан бирөөнүн кошумча аэропорту болбоңуз