Коом

Балдардын көзүнчө аялын кыйнап бычактан өлтүргөн

Полициянын шалаакылыгынан улам аял жарандык никедеги күйөөсүнүн кыйноосунан бир суткага араң чыдап каза болгон. Бул учурда үч баласы мыкаачылык көрүнүшкө күбө болуп турушкан. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Россия Федерациясынын Кемерово аймагында катталган. Вера аттүү аялдын жарандык никедеги күйөөсү сабап, он жашар кызы бир нече жолу полицияга билдирип жардам сураган.  Бирок бир да полиция кызматкери келген эмес. Ага чейин да апасын зөөкүр өгөй атасынан коргоо үчүн полиция кызматкерине чалып апасын өгөй атасы кыйнап өлтүргөну жатканын айтып жардам сураган.

Бир үйбүлөнүн тагдыры

Веранын  эки уул, бир кызы болгон. Биринчи турмушунан бир кыздуу бир уулду болгондон кийин пикири келишпей ажырашып кеткен. Кийинки жолдошу аракка жакын адам болгон.  Коңшуларынын баары Васянын аракка жакын экенин, ичкенде чыр сала турганын билишчү. Бирок Вера анын бирин да билдирбей жашап келген. Бир үйдө Вера жалгыз иштеп, жарандык никедеги күйөөсү жумузсуз аялынын мойнунда жашаган. Биртке тапканын ичип алып, алдынан чыккандар менен урушуп, үйүндө дайыма чыр менен аяктачу.

Сурак учурунда Василий  аялын кызганып, аны менен чогуу иштеген эркектер менен жолугушкандай сезиле берчү. Ал жумуштагы эркектер менен иштешин жактырбаганын айткан. Мас болгон күндөрү кээде кол көтөрө турганын да билдирген. Ал эми мындай урушта балдарга таптакыр кол көтөрбөгөнүн да айткан.

Ал эми окуяга күбө болгон кызы бул жолу атасы апасын мыкаачылык менен муунтуп, дубалды сүздүрүп, оозу мурдунан кан чыккыча уруп, апасы аягында өзүн коргоого алы келбей калганын айтат. Ал апасына жардам берүү иретинде полицияга чалганда алар ишенбей телефонду коюп койгонун да эскерет.

Эмне үчүн балдарга ишениш керек

Окуя болгон түнү  нөөмөттө  35 жаштагы милициянын майору Александр Кисаров  болгон . Ошол түну он жаштагы кыз чалып, апасын өгөй атасы уруп жатканын апасынын өмурун сактап калуу үчун жардам керектигин айткан. Ал эми полиция болсо он жашар кыздын сөзүнө ишенбей телефонду коюп койгон.  Андан кийин да кыз кийинки 10 мүнөттүн ичинде полицияга дагы бир нече жолу чалган . Бир нече сааттан кийин Василий Кичигин кыздын апасын өлтүрүп, сөөктү жашыруу максатында балдардын көзүнчө Веранын денесин кара желим баштыктарга өрөп зым менен таңып көтөруп кеткен. Ал суунун жээгине алып барып бадалдардын арасына корумдап койгон. Андан кийин аялы үйгө келбей жатканын билдирген. Буга ыктыярчылар жана полиция кызматы тартылган. БЮул учурда Василий кайрадан ичип аялын издөөго жардам бербей жатып алган. Көп өтпөй малын сууга алып келген жергиликтүү тургундар таап полицияга билдиришкен. Ал эми Веранын денесинде 18 жолу сайылган бычактын издери табылган.

Унчукпоо дайыма эле алтын боло бербейт

Ал эми Вераны издеп жатышканда балдары үйүндө болгон окуя тууралуу эч кимге оозунан чыгарган эмес. Өзгөчө он жашар кызы эч нерсе билбегенин айткан. Кийин баары дайын болгондо гана балдар өгөй атасы апасындай кылып мыкаачылык менен кыйнап өлтүрөт деп андан коркушканын билдиришкен. Ошондой эле катуу сресске кабылганын психологдор тастыктап аларды көзөмөлгө алган. Үй-бүлөлүк досу айткандай, айылдаштарынын оозунда бир гана суроо бар: эмне үчүн 10 жаштагы Настя ушунча күн унчуккан эмес ? Бул так билинбегени менен, бала катуу стрессти башынан өткөргөн болушу керек. Азыр Левченконун үч баласы менен кам көрүү кызматкерлери жана психологдор тартылган.

Ал эми мыкаачы күйөө менен жардам сураганда баланын чакырыгына кайдыгер жасаган полиция кызматкери жоопко тартылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *