Балбан Акжол Махмудовду орусиялык балбан күч сынашууга чакырды

31 жаштагы орусиялык грек-рим күрөшчүсү Роман Власов Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалайт. Видеону Gorilla Fighting өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырган.

Маалым болгондой, Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону Роман Власов Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Кыргызстандын жараны Акжол Махмудов менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

«Мага Акжол менен  беттешүү боюнча көп адамдар жазышат. Ал Олимпиадада өзүнүн татыктуу экенин далилдеди. Айрыкча бир жерден жолуксак кызыктуу болмок. Албетте, аны менен кезектеги мелдештерде жолугабыз. Менимче бул күрөштү бир жерде уюштуруш керек окшойт. Анткени убакыт азайып баратат… Бул күрөштү көптөгөн адамдар күтүп жатышат ”, – деди Роман Власов.

Add your comment

Your email address will not be published.