Балбак Түлөбаев: “Үч-төрт ай мурун эмдөө жүргүзсөк эл кыйналбайт эле”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Балбак Зарлыкович, сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу мектептер жабылды. Бир кездеги мэр катары айтсаңыз, бул туура чечимби?

— Туура эле. Бул пандемия эмес эле эпидемия болуп кетти. Эчак жабыш керек болчу, кечигип калдык. Бүт республикада мектептерди жабыш керек. Студенттер көтөрүп жүрө берет экен, окуучу балдарга кыйын болуп атпайбы. Ошон үчүн айла жок бала бакчалар менен мектептерди жаап атат. 14 күндүк цикл бар да, ошону үзүш керек.

— Ооруканалар толуп чыгыптыр, бул көйгөйдү кантип чечебиз?

— Оорукана салыш керек. Эл көп ооруганда оорукана жетпей каларын мурда эле билгенбиз да. Поликлиникалар иштеш керек, кеңеш берип, эмдөө жүргүзүш керек болчу. Саясат менен алышып жүрө бербей, үч-төрт ай мурун эмдөө зарыл эле. Өкмөт каякты карап жүргөн? Убагында вакцина алып келиш керек болчу. Алып келгенден кийин элге түшүндүрүп, эмдөө жүргүзсө, эл мынчалык жапырт оорумак эмес.

— Эки жыл мурдагы пандемиядан улам акылыбызга кирип, тажрыйба жыйнагандай эле болдук да. Эмне үчүн кайра эле баягы көрүнүш кайталанып жатат?

— Министрлер бат-бат алмашуусунун улам ушундай болууда. Антейин десек, уурдап атышат. Бирок, өкмөт бар да. Соцблокту тейлеген жетекчилер эмнени карап жүрдү? Караш керек эле да…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg