Балбак Түлөбаев: Салыкты сен төлөбөсөң, мен төлөбөсөм, анан ким төлөйт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айып пул жана салык боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында өкмөт элге айып пул жана салык боюнча жеткиликтүү түшүндүрө албай жатат.

«Канткенде күбөлүккө кайра тапшыраарын түшүнбөй эл ызы-чуу болуп жатат. Коомчулук өкмөттү, депутаттарды да сөгүп айлабызды кетирди. Кыска роликтер менен түшүндүрсө болот эле да.

Андан сырткары салык боюнча да түшүндүрө албай жатабыз. Сен төлөбөсөң, мен төлөбөсөм, анан ким төлөйт? Баарыбыз бала бакча, мектеп, жол сал дейбиз. Салык төлөбөй качып жатсаң, өкмөт кантип салат анын баарын? Ушуну да эл эч түшүнбөй койду», — деди депутат.

Аргумент.kg