Мындай пикирин мурунку мэр Балбак Түлөбаев жазып чыкты:

“Калайык!
Негизи адам өзүнө эмне каалабаса, башкага да ошону каалабаш керек. Эртеден бери мага жазбаган калбады, Орозоайым Нурматова боюнча эмне дейсиз деп.
Пикирим:
Ар бир адам өз тагдырын өзү жолго салат. Эгер ал коомго алынып калса анда ого бетер абайлаш керек. Ким болсо болсун элге кызмат кылууда, коомго кызматта, мамлекеттик кызматта жыныска бөлүү болбойт. Кээде өлкө аяалдын коомдогу баркын көтөрүүдө позитивдик бөлүнүүчүлүккө жол берет, бирок ал норма.
Орозайымдын эмнеге кармалганын бизге айтат го, ошого чейин сабр керек. Эгер айткан сөзү үчүн, саясий көз карашы үчүн камалса, анда иш чатак. Бирок адамдын абройуна шек келтирип, сөгүп сагып, ушак айың менен саясат ушу экен деп ойлоп алса анда иш башка.
Негизи Кыргызда сөздү, акыйкаттыкты, чындыкты муунта албайсың. Ошону үчүн аны баалап, коргош керек”-деп жазды