Балбак Түлөбаев: Өкмөт элдин жон терисин сыйрыганы жатабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өкмөт салыктарды көбөйтүү менен ишкерлердин кыжырын келтирип жатат. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

«Улуттук банктын төрагасын Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алалы. Акча алмаштыруучу жайларда акча жок. Акчалар кайда? Эмне үчүн акча алмаштыруучу жайларда жең ичинен акча таап берип жатат, ал эми Улуттук банк муну көзөмөлдөбөйт. Доллар жок дегенде бир сомго кымбаттаса, бул бизнес үчүн аябай чоң нерсе. Улуттук банк валюта рыногун таптакыр унутту», — деп билдирди эл өкүлү.

Андан соң өлкөдөгү баалардын өсүп жатканына жана салыктырдын көбөйүп жатканына токтолду.

«Баалар өсүп жатат, муну ким токтотот? Өкмөт Японияга кетиптир. Аман-эсен келсин. Бирок, алар элдин жон терисин сыйрыганы жатабы? Салыктын үстүнөн салык көбөйүп жатат. Мына жаңы жылдан соң, салыктарды курулуш жана башка тармактарга киргизип жатат. Салыкты көбөйткөндүн ордуна азыркы салыктарды тиешелүү түрдө чогултуп албайсыңарбы. Кайсы жакка барба өкмөт минтип жатат, антип жатат, бизнеси таштап, Кыргызстандан кетем деген жарандар. Биз бардыгына макул болуп келе жатабыз. Бирок бизнеске салыкты көбөйтпөгүлө да. Бизнестин акыркы нанын аласыңарбы? Алмаз Ахунжанович, (ред. өкмөттүн парламенттеги өкүлү) жакында салыкты көбөйтүү тууралуу жаңы мыйзам алып келгени жатыпсыңар. Алып келбегиле аны. Ишкерлердин кыжырына тийип эмне кыласыңар? Анда дем алып жаткан абага дагы салык салгыла. Баары бүттү, ошол эле калды», — деди депутат.

Аргумент.kg