
Балбак мырза талтая бербей бир позицияны кармаса
04-теке, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваДепутат Балбак Түлөбаев жөн жеринен талталгай саясатчы деген атка конбосо керек. Анткени ал керек учурунда карапайым калктын мүдөөсүн колдогон саясатчы катары көрүнө алат.Бирок ошол эле учурда көп нерсени ачык айтпай бийликке жылмалап пахта койгонду да жакшы өздөштүрдү дешет. Бирок анын көздөгөн максаттары дайыма эле ордунан чыга келбегендей сыяктуу. Ал депутат катары шайлоочулар менен байма-бай ылдам жолугуп турат. ошондо ага ишенген шайлоочулары далай маселелерди коюп да, чечүүсүн өтүнгөн учурлар да кездешүүдө. Маселен анын фейсбук баракчасына чыккан постордун алдындагы пикирлерде Тоң районунун Ак-терек айылындагы жашаган шайлоочусу жергиликтүү маселелерди айтып кайрылганын эскертиптир. Чечкенге жардам берем дедиңиз эле, унутуп калдыңызбы дегенге чейин барыптыр, проблема ордунан козголгон жери жок деп ачык айтыптыр. Чынында эле депутат шайлоочуга убада бергенден кийин маселени толук чеч албаса да артынан түшүп аракетениши керек да. Айрым саясат талдоочулар Балбак мырза дайыны жок талтая бербей бир позицияны ээлесе деп ачык айта башташты. Балким алардын бул пикиринин да чындык дагы бардыр…
Булак:argument.kg