Баласын таштанды челекке таштап кеткен деп шектелген эне 2 айга камалды

Баласын таштанды челекке таштап кеткен деп шектелген эне 2 айга камалды

13-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шектелип кармалган 21 жаштагы эне 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21 жаштаны А.С.тин бөгөт чарасы 12-ноябрда Октябрь райондук сотунда каралып, жаш эне 2023-жылдын 11-январына чейин камакка алынган. Ал тергөө иштери жүргөн учурда №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, эркек бала салмагы 2 кг 210 грамм болуп төрөлгөн.

Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен делип 21 жаштагы эне кармалган. Ага карата өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети айыбы менен иш козголгон.

Булак: Аргумент кж