Коом

Баламдын дилбаянын окуп күйөөм экөөбүз ыйладык

 

– Апа, эртең конкурстун жыйынтыгын айтышат, келесизби?
– Эмне конкурс?
– “Менин үй-бүлөм” деген темада дилбаян жазуу.
– Сен дагы катыштың беле?
– Ооба.
– Жумуштан эрте бошосом барам, болбосо атаңа айтып коем.
– Ал деле бошобойт да.
– Эмне?
– Эч нерсе.
Балам 5-класста окуйт. Үйдүн уулусу. Андан кийин эки кызым бар. Өзүм дүкөн иштетем. Күйөөм бухгалтер. Тапканыбызды үнөмдөп, элден кем калбай жан багып келебиз. Мунусуна да кудайга шүгүр. Эмнегедир ал күнү соода жакшы болгон жок. Дүкөндү эрте жабып, мектепке жөнөдүм. Актовый залга кирсем, күйөөм отуруптур. Тобо кылдым, биринчи жолу экөөбүз мектепке чогуу келдик. Конкурстун катышуучулары сахнага чыгышты. Балам бизди көрүп сүйүнгөнүнөн колун булгап

жиберди. Жүрөгүм жылый түштү. Уулубуз экинчи орунду алыптыр. Мектеп директору грамота менен китеп тапшырды. Балам чуркап келип белектерин бизге карматып жатканда, күйөөм, “ушунча келгенден кийин бирди албайт белең”, – деп бурк этти. Мен да куттуктап койгонго жарабай, “жазганыңы бизге бир көрсөтүп койсоң болмок, катасын оңдоп берсек баш байгеге ээ болмоксуң”, – дедим. Азыр бул
айткандарым үчүн аябай өкүнөм.
6Үйгө келдик. Балам тамак ичпей жатып алды. Күйөөм
экөөбүз тең эмне болгонун сурап койгонго жарабадык.
Кыздарымды жаткарып, баламдын бөлмөсүнө кирдим. Жуурканын чүмкөнүп алып уктап калыптыр. Жерде грамотасы айрылып, дилбаян жазган кагазы бырышып томолоктолуп жатат. Баарын чогултуп акырын сыртка чыктым. Баракты жазып, ичиндегисин окуп кирдим.
“Атам менен апамдын мага убактысы жок. Ар дайым “чарчадым”, “акча жок”, “башымды оорутпачы”, “светтин квитанциясы келип калыптыр” деп басып жүрүшөт. Кулап түшсөм бутумдагы жаратты байкашпайт, капа болуп келсем, эмне болгонун сурашпайт, түндө жакшы жат деп айтышпайт, мен жакшы көргөн тамакты жасашпайт, базарга алып барып каалаган кийимимди алып беришпейт.
Үчүнчү классымда, атам менен апам мени дем алыш күнү циркке алып барам дешти. Ал күнү эртең менен эрте турдум. Сүйүнүп көчөгө кие турган кийимдеримди кийдим. Сыртка чыксам апам кир жууп, атам машина оңдоп жатыптыр. Кеттикпи десем, апам, “кирлер көп, бүгүн жууп албасам, эртең жумушка чыгышым керек, кийин барабыз, чеч алдыгы кийимдериңди”,- деп койду. Атама карасам, “ага жок дегенде 500 сомдой кетет, ал акчага тамак алып же май куюп алганым жакшы”,
– деди. Бир жылдан кийин, 31-август күнү циркке алып барышты. Бирок, мага цирк баягы күндөн бери жакпай калган. Агай, конкурстун темасы, “Менин үй-бүлөм” деп аталат, а мен үй-бүлө эмне экенин билбейм. Атам менен апама акча эле керек, эгер ал жок болсо үйдө уруш болот. Биз чогуу отуруп тамак ичпейбиз. Атамдын машинасы бар, бирок досторумдун атасындай болуп мени мектепке алып барбайт. Экөө тең дем алыш күндөрү үйдө болушат, бирок мени менен иши жок. Беш алсам сүйүнүшпөйт, эки алсам жаман сөздөрдү айтышат. Бокс менен машыккым келет. Залга барганга акча беришпейт. Атам менен апамды жакшы көрөмбү же жокпу билбейм. Бирок сабактан кийин үйгө баргым келбейт.
Апам башыман сыласа, атам “эй бала” дебей “уулум” деп кайрылса сонун болмок. Анткени…” Андан ары окуганга эрким жетпеди. Күйөөм кирип келди. Дагы машинасын чукулаган окшойт, колу май.
– Эмне болду сага? Бозоруп калыпсың.

– Мына, балаңдын баянын оку.
– Азырбы?
– Ооба, азыр!
Ал башын мыкчып, мен шолоктоп ыйлап отурдум.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *