“Баламдын башын айлантып алганы аз келгенсип, мага аңкылдайт да!”

“Баламдын башын айлантып алганы аз келгенсип, мага аңкылдайт да!”

20-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

— Келдиңби?!

— Апа, кандайсыз? Жакшысыздарбы? – деп келин колундагы сумкасын коюп, энеси менен учураша кетти.

— Жакшы… — кемпир жактырбагандай “бурк” этти.

Балдарына, өз очогуна жеткен келин үстүндөгү пальтосун чечип, шашыла дасторкон даярдай баштады.

— Ай, өткөндө айтпай-дебей эле кетип калыптырсың ботом. Тиги сени салпактап ээрчип эмнеге барды?

— Апа, экөөбүз тең доктурга бардык.

— Таң, ушу сен баламдын башын имерип дубалатып койгонсуңбу?..

— Коюңузчу апа… — келин кызарып-татарып кетти.

— Койбой эле ботом, сен эмне десең макул болуп, сенин жаныңан карыш чыкпай калганынан айтам да. Бул жөн эме-ес, муну жандырыш керек!

— Апа, биз 5 балалуу болдук. Анүстүнө түтүн булатканыбызга 20 жыл толду. Чынында үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй тутантып келе жатканыбыздын себеби – биздин ынтымакта! Бири-бирибизди аяп, сыйлай билгенибизде! — келин агынан жарыла берди.

Келиндин ушул үйгө келгени кайненесине миз багып каяша айтканы ушул болсо керек.

— Иий, өлүгүңдү көрөйүн шерменде! Баламдын башын айлантып алганы аз келгенсип, мага аңкылдайт да! Сен көптүң! Көпкөнүң кара башыңа, как чокуңа көрүнсүн!

Келин кайненесинин ушунча жылдар аралыгында каардуу сөздөрүн укса да чыдачу. Бул ирет чектен чыгып кетти! Колундагы чыныларын жерге чаап жиберип, тизелей түшүп буркурап ыйлады. Сынган чыныларды матыра бычырата кармады. Колунан кан жая берди. Колунун ооруганын сезген жок. Денесинин ооруганынан да, жандүйнөсүнүн ооруганы тынчтык берээр эмес…

Келин солуктап, кан-сөлү жок дидарынан кайгынын, муңдуу өткөн жаштыгынын изин жашыра албай ээгин кырча тиштеди. Кемпир болсо таягына сүйөнгөн абалда селейет. Келинин аяп кетти. Кучактагысы келди. Колун сунуп барып токтоду. Анан илкий басып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Келин ошол күндөн баштап ооруп калды. Көп сүйлөбөй, түнт тартып сурданганы сурданган. Мурункусундай жаш баладай энекесине болгон жаңылыкты айта бербейт. Аз сүйлөйт.

Кемпир муну көптөн бери байкап, эки анжы ойлорго кептелет. Баса, баарыдан да уулу келининин жанына шынаарлабай калды. Экөөнүн мамилеси салкындап кеткендей. Муну сезген кемпир өзүнчө ичинен кубанат, “атаңдын көрү, тиги келиндин дубасы коңшу айылдагы көзү ачыкка баргандан бери жазылды” деп күбүрөнөт…

Чынында, уулу аялы менен энесинин ортосундагы окуяны сырткы бөлмөдөн угуп, энесинин көңүл көйгөйүн жубайынына жасаган жасалма салкын мамилеси менен далилдөөнү эп көргөн.

Ошентип, кемпирдин чечекейи чеч. Кимгедир ыраазы. Мурдагыдай келинин какпай да калды. Келин болсо миң электен өткөргөн тагдырына бирде күлсө, бирде ыйлайт. Жумшаргансыды. Энесине да таарынбай калды. “Байкуш энем. Эмне кылсын, болгон түшүнүгү ушул болсо” дейт…

«Азия Ньюс» гезити