Коом

Балалуу болуп, “апа” деген сыйкырдуу сөздү уккум келет

Жашым отуздан өтүп барат… Мындан төрт жыл мурда турмушка чыккам. Туугандар тааныштырып, макул болуп, биз бактылуу үй-бүлө болгонбуз. Эки жылдай жашадык. Аны жакшы көрчүмүн. Бирок кош бойлуу боло албадым. Тагдыр экен, ажырашкандан кийин чындап сүйөрүмдү билдим. Башында ойлогом, “ансыз оңой эле жашап кетем” деп. Бирок ажырашканыбызга эки жыл болсо да, аны сагынып жүрөм. Күндөн күнгө сагынычым күчөп бараткандай. Ал болсо үйлөнүп, бир балалуу болуптур. Бул сөздү укканда мендеги сезимди сөз менен айтып бере албайм. Жаздыгым жашка чыланып, канча түндөрдү өткөрдүм… Кудайдан анын кайра кайтып келишин сурайм. “Бирок, тиги алган аялычы?.. Ал дагы аялзаты да” деп аны ойлойм. “Мейли, бактылуу болушсун” деп ичтен сызам. Мага да бакыт тилеп коюңуздарчы?.. Балалуу болуп, “апа” деген сыйкырдуу сөздү угайын.

Мунара 

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *