Бакыт Жетигеновдун Ош шаарына мэр болушунун кандай себептери бар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарына Бакыт Жетигеновдун мэр болушу коомчулукка “жем” таштап, ар кандай талкууларды жаратты. Ал былтыр эле бийликти басып алууга айыпталып, камакка алынган. Көп өтпөй эркиндикке чыгып, анын аракеттеринен кылмыштын белгилери байкалган эмес. Ал эми козголгон иш токтоп турса керек, акталган да жок. Суроо туулат: Бакыт Жетигенов кандай негизде Ош шаарынын мэрлигине секирик жасады? Биринчиден, өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен 2010-жылы “Ар-намыс” партиясынан депутат болушкан. Ошондон бери жеке мамилелери бар. Экинчиден, жердеши Канатбек Исаев камакта жатканда, эл көзүнө баланс катары кызмат берилди. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Төбөлдөр Бакыт Жетигеновду жактырып атпаса керек. Тек гана сыноо таризинде “устукан” сунушту. Балким үч-төрт ай өткөндөн кийин чалынтышып, эсебин таап коюшары да ажеп эмес. Калганы тагдырдын жазмышы катары сүрөттөлөт го…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg