Бакыт Төрөбаевдин амбициясына Акылбек Жапаровдун ачуусу келсе керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов өкмөт башчы болууну кыялдана коюп, сөз тарап, натыйжада, Акылбек Жапаровдун “кара тизмесине” илинип, көпкө узабай кызматынан кеткен. Бул жагы чиновниктерге сабак болбоптур. Аз күндөн бери вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев төрдөн орун алууга ашыгып, белгилүү кландын күчү менен “дүңүрөңдөй” баштадыбы? Мындай кептер президенттин администрациясынан айыл өкмөттөргө чейин угулуп, асты майрамдап алганга жетишиптир… Акылбек Жапаров сыр билгизбегени менен ичинен ачууланып, Бакыт Төрөбаевди чалып жыгуунун айласын кылабы? Негизи бою кичине болгону менен ою бийик, көптү көргөн өкмөт башчыбыз оңой жоо эмес. Бир өлкөнүн жүгүн тартып баратпайбы. Мындай жагдайда Бакыт Эргешовичтин эсебин таап койбойбу?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg