Саясат

Бакыт Төрөбаев: “Өнүгүү — Прогресс” шайлоодон жеңип чыгарына толугу менен ишенем

Депутат Бакыт Төрөбаев жергиликтүү басылмалардын биринде маек берип жатып, “Канчалык деңгээлде сиз ишенесиз “Өнүгүү Прогресс” партиясы кийинки шайлоодо, VII чакырышта өтөт? деген суроого жооп берди.
“2020-жылы өтө турган шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясы өтөт деп толугу менен ишенем. Себеби биздин жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде Кыргызстанда калк үч партиянын гана тегерегинде сөз кылат экен. Алардын бири биздин партия. Биз таанымалбыз. Эл башка партиялардын жада калса лидерлеринин аттарын билишпейт экен. Ошондуктан биз шайлоодо өтөбүз деген ишеним күч. Калганы өзүбүздөн. Эгерде багыттарды туура берсек, элге сиңе турган лозунгдар болсо. Эл бизге добушун берет деп ишенем”, – дейт депутат Бакыт Төрөбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *