Бакыт Сыдыков талапкер Асылбек Кадралиевди сүрөп атабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ленин округунан 32 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанды. Арасында коомчулукка анча белгилүү эмес Асылбек Кадралиев аттуу талапкер бар. Мурда Бишкек шаардык кеңешине “Республика – Ата Журт” партиясынан депутат болгону, кыргыз футбол союзунун башчысы Медербек Сыдыковго жакындыгы бар экени маалым. Мындан сырткары, Асылбек Кадралиевди “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков көмүскөдөн колдоп атканы ачыкталабы? Мыйзам алкагында депутат кайсы бир талапкерди сүрөгөнгө акысы жок. Эгер ачыкталып калса, жоопкерчиликке тартылат. А бизге жеткен маалымат боюнча, Бакыт Сыдыков “02 айтты” деп оозунан түшүрбөй, көрүнө да, көмүскө да сүйлөп, саясатка, бизнеске ыксыз аралашып баратканын кантебиз? Баласы Алымбек Сыдыков Бишкек шаардык кеңешинде депутат. Анын бир убактагы шериги Асылбек Кадралиевди Ленин округунан сүрөгөнү ачыкталса, бийликти уят кылып салары турган иш. Негизи булар уюшуп алышып, абдан куулук менен түрдүү иштерди жасашат. Өмүр бою эле “кылтакка” илинбей, төбөлдөргө жагынып жүрүүнү ойлошобу? Жо-ок, Бакиевдин кандуу режиминин соңунда Бакыт Сыдыков ыплас жоругунун айынан “көгала койдой” таяк жеп, жолтандабасын тарттырып жибергенин унуттуңарбы? Ал эми “Манас” эл аралык аэропортунан коррупцияга шек саналганын өзүнчө кеп кылабыз…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg