Бакыт Матмусаевдин күйөө баласы Сүйүнбек Курбанов иштебей эле ичип жүрө береби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Бакыт Матмусаевдин артында бир топ кыңыр иштери бар. Таянган тоосу чоң тура, эч ким кыгына куурай сая алган жок. Бишкек ШИИБни жетектеп турганда Айзаданын өлүмүнө себепкер болгону, мас болуп жол кырсыгына кабылганы, айтор, айта берсе арман көппү?.. Эмесе, дагы бир чоң былыкты ачып коёлу. Бакыт Матмусаевдин бир тууган күйөө баласы Сүйүнбек Курбанов ИИМдин түштүк аймагы боюнча баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги. Бул эргул өтүгүн төргө илгени, эч кимди тоготпогону жагынан камчы салдырбайт экен. Он күндөп, жумалап “кычкыл сууга” кирип кетип, жумушка чыкпай койгону кандай? ИИМдин ички иликтөө кызматы “кыңк” эте албаганына караганда, кыйла эле таасири таш жарабы? Сүйүнбек Курбановго өздүк курам нааразы, кааласа иштейт, каалабаса ичип кетсе, ушул кантип болсун? Жогорку жетекчилик тартипке, акыл-эске чакырып койсо. Мамлекеттик жооптуу кызматты сыйлаш керек да!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg