Бакыт Кудайбергенов Бишкек шаарын кууратып бүткөнү калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай да терс каармандар болот экен ээ? Коомчулукка жек көрүнсө да креслосунда тырмышып отурган. Ооба, Бакыт Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп келгени артка кеттик. Ар тарабынан. Улам бир жетекчиси ири суммадагы пара алууга айыпталып, түрмөгө камалып атса, Кудайбергенов аларды жерге-сууга тийгизбей мактап отурат. “Балык башынан сасыйт” дегендей, өзү да соо эмеспи?

Шаар бийлиги коррупцияга белчесинен батып калганы жашыруун эмес. Калкты камсыздоо жагынан дээрлик иш жүрбөй калды. Шаабайды суута турган көрүнүштөр арбын. Мурдагы мэрлер тарабынан долбоорлонуп, учурда борбордо 36 көчө ремонтолуп атат. Бул жагы да ыраатсыздыкка батып, чала-чарпыт кылынып, жумуштун ыргагы дээрлик создугуп кетти. Сентябрга чейин көчөлөр бүтпөсө, күзүндө кайрадан автоунаалардын тыгыны көйгөй жаратат.

Аныгында, эмнени байкадык? Бакыт Кудайбергенов чарбаны, уюштуруу иштерин билбей турганына көзүбүз жетти. Талтайып эле башкармадай басып жүрөт. Дал ушунун кесепетинен шаардагы бактар куурап, курт жеп, жайдын кап ортосунда эле саргая баштады. Деги бир көңүл жылытпайт. Жогорку бийлик элге кыянаттык кылган эргулду кызматынан четтетип салбайбы? Эмне мынча кайдыгер болушат?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg