Баклажка чогултуп сатып, мага ич кийим алып берген кайын агама ыраазымын
24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСилердин сайттан кайын атасына ыраазы болуп жазган келиндин баянын окуп калдым.
Эмнегедир мен дагы кайын агама рахмат айткым келди. Кайын агамдай жакшы адам бар
экенин айткым келди.
Үчүнчү балабызды күтүп жүргөндө күйөөм каза болуп калды. Жакшынакай эле жүргөн. Эртең
менен бейтапканага түшүп калды. «Боору…» Дарыгердин калган сөзүн уккан деле жокмун.
«Айыгабы?» дегеним эсимде. Дарыгер башын чайкап басып кетти.
Кымбат дарыларды ташыдым. Ушуну ичсе эле айыгып кетчүдөй сезилди. Туугандар мени
«тагдыр, баш ий» дешти. А мен акырына чейин чуркадым. Дары канчалык кымбат болсо, бат
айыкчудай сезиле берди. Карызга баттым. Муздак полго жыгылганымды билем. Калганы
эсимде жок.
Баламды сакташ үчүн бир ай бейтапканада жаттым. Терезени тиктеген бойдон жата бердим.
Күйөөмөн айрылдым.
Карызга баттык. Мен жумушум жок үйдө отурам. Ата-энелерибиз пенсионер. Балдарым бирде ач, бирде ток. Карыз сурап келгендер тажатты. Кайсы акчамды берем билбейм. Ай-күнүм дагы
жетип калды.
Төрөтканага эч нерсем жок. Баламды эмнеге оройм билбейм. Жашырганда эмне ич
кийимдерим дагы эски. Уялганымды айтпагыла.
Кечинде кайын агам келди. Өзүнүн майыптыгы бар. Ага карабай кара жумуштарда иштейт. Абдан боорукер. Төрт баласынын курсагын эптеп тойгузуп жүрөт. Аны деле түшүнөм. Аялы балдарды карап үйдө.
Пакет көтөрүп алыптыр. Карандай чай койдум. Берерге тамагым жок. Пакетти берди. Ичинде эмне деп сурадым. «Мен кеткенден кийин карап аласың. Төрөтканага барсаң керек болот. Дем
алыш күндөрү баклажка чогулткам. Ошонун акчасына алдым. Анан муну чөнтөгүңө салып кой. Эртен базарга түшүп продукту кыласың. Мен дагы келем.» Чай ичип алып, балдарды өөп кетип
калды. Кайын агам өзү көп сүйлөбөйт.
Пакетти ачсам төрөтканага керектүү буюмдар экен. Балага кийим, мага ич кийим, жуучу каражаттар. Ыйладым. Уялганымдан, ыраазы болгонумдан ыйладым.
Мен төрөтканадан чыккыча кайын агам балдарга жөлөкпулга документ топтоп, чыгартып коюптур. Анан мага жумуш дагы тааптыр. Жумасына эки жолу мектептке барып идиш жууп келем. Өзү ал мектепте от жагып иштейт.
Күндөр өтүп жатат. Тапканым кудайга шүгүр, балдарыма жетип жатат. Кичинекейимди торолтуп
алсам, жумуш таап бутка турам. Кайын агама ыраазымын. Анын колдоосу, ининин арбагына болгон сыйы, бизге болгон камкордугу жашоого үмүт берип келет. Бир туугандарым жок. Кайын
агам бир тууган байкемдей эле болуп калды.
Ыраазымын. Канчалык рахмат айтсам дагы анын кылган жакшылыктарынан кутулуп бүтө албайм. Кайын ага, сиздей адамдар көп болсун