Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанды» жыгып береби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын кандай гана жол менен болбосун шайлоодон четтетип салууга кызыккан тараптар бар деп мурда эле айтылып жүргөн. Ошондой учурда Турсунбай Бакир уулунун арызы «жарк» этип чыга калды. Көрсө, Турсунбай мырзаны съезд жүрүп жатканда делегаттар добуш берип тизмеге кошкон экен. Бирок, БШКга алып барылган жыйынтык тизмеде Бакир уулу жок болуп чыгат. Турсунбай Бакир уулу «жөн жатып берчүлөрдөн» эмес. Партиянын жетекчиси Адаханга келет. Эмне үчүн андай болгонуна, ким айтканы белгисиз. «Партияга акча керек, акчалуулар жылып кетти»-деген жоопту алат. Ошондон кийин, ал БШКга арыз менен кайрылат. БШК ошону эле күтуп турганбы, тез арада мыйзамды бузгандыгы үчүн «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетип салды. Бир карасаң Турсунбай мырзаныкы деле туура өңдөнөт. Анткени, ар ким өзүнүн укугун коргоп калышы керек. Бирок, ошол эле жерден Турсунбай мырза жеке кызыкчылыгы үчүн бүтүн бир партияны, болгондо дагы оппозиция болуп берчү партияны шайлоодон четтетип салды дешүүдө. «Бүтүн Кыргызстандын» талапкерлери керек болсо аны «саткын» дегенге чейин барышты.

Мына, шайлоонун шайтан оюндары деп бекер айтылбаса керек. Болбосо, мурда мамилеси өтө жакын болбосо дагы жаман эмес эки саясатчы Мадумаров менен Бакир уулун элдешкис душманга айлантып жибереби?
ARGUMENT.KG
 

Аргумент.kg