Бакиев Баткенде жабыркаган 89 үй бүлөгө жардам көрсөттү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган жарандарга жардам көрсөткөнү айтылууда. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты. «Курманбек Салиевич Бакиев кечээ 13-май, рамазан айынын улуу айт күнү Баткендеги каргашалуу окуяда жабыр тарткан, үйү күйүп кеткен жарандарга, каза болгон үй-бүлөлөргө, Мадина кызыбыздын ата-энесине, жарадар болгондорго салам дубасын түз жеткирип, ар бир үй-бүлөгө, жардам колун сунду. Аза кайгыларын тең бөлүшүп, 89 үй-бүлөгө 4 миллион 440 миң сом накталай акча каражатын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн түз жеткиртип, жабыркагандардын өз колдоруна тапшыртып берди. Урматтуу Курманбек Салиевич! Өзүңүз сыртта болсоңуз да, көзүңүз Кыргызстанда болуп, карапайым элдиңиздин кайгысын тең бөлүшүп, жараткандын улуу айт майрамы күнү ар бир үй бүлөгө жылуулук маанай тартууладыңыз», — деп жазган ал.

Аргумент.kg