Байсаловдун оройлугу кызматынан кол жуудурат

Байсаловдун оройлугу кызматынан кол жуудурат

29-кулжа, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийлик бутактарынын ортосундагы карама-каршылыктарды кучөтүп, керек болсо терең жарака кетирип жатат деген пикирлер коомчулукта аябай арбып баратат. Айрым эксперттер буга Министрлер кабинетинин орун басары Байсаловдун парламентке карата кыйынсынган көз карашы жана орой сөздөрү таасир этүүдө деп ачык айтышууда. Жакында эле Эдил мырза депутаттардын суроолоруна жооп бергиси келбей:» Биз колго түшкөн туткундар эмеспиз, силер Гестапанын офицерлери эмессиңер»-дегенге чейин барды. Мындай тирешүү биринчи жолу болгон жок. Акыркы мезгилде эле мындай окуялар бир нече жолу кайталанды. Мисалга алсак, планетада кучөп жаткан бир жыныстуу адамдардын үйлөнүшу сыяктуу маселелерди көтөрүп, өлкөбүздө чуулгандуу окуяларды, көз караштарды жаратууга себепкер болууда дешүүдө. Айрым учурда Байсалов кээ бир депутаттарды оройлук менен кагып да жиберет. Ошондой ахыбалда спикер Шакиев: «Мен байсаловдун жүрүм-түрүм сүйлөгөндөру боюнча министрлер кабинеттин төрагасына, ал турсун президентке да кайрылдым. Анын кызмат орду жөнундөгу маселе жакынкы аралыкта чечилет дегенге чейин барды. Чындап эле Эдил мырзанын тегерегинде болуп жаткан терс көрүнуштүү окуялар марафон чуркоосундай улана береби? Же өлкөнүн жогорку бийлиги коомчулукту толкундонтпоо үчүн Байсаловдун маселесин бир жансыл кылабы?