
Байсалов бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды
04-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМинистрлер кабинети бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, мамлекет жакынкы жылдары мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда.
«Учурда Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу айыл жерин айтпаганда да, шаарларда 35%дан ашпайт. Бала бакчага кирүү абдан кыйын. Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок.
Бүгүн биз социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Мамлекет аларды бала бакчага орун берүү жана тамак-аш түрүндө кошумча субсидиялар менен колдоосу керек. Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таркатып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт!”, — деди Эдил Байсалов.
Булак: Аргумент кж