Коом

Байкушмун деп үйүмө кирип алып күйөөм менен ойноп жүрүптүр

Жолдошум менен бирге жашаганыбызга он сегиз жылдын жүзү болду. Бирге түтүн булаткандан тартып жашоонун катаал күндөрүн чогуу тартып бир туугандай болуп калганбыз. Бири-бирибизди көз караштан окуп турабыз. Беш жылдан бери короого майда батир салып ага квартиранттарды киргизип келебиз. Өткөн карантин учурунда бир келин үч баласы менен көчөгө чыгып калып алып келип бекер киргизип, тамак-ашынан бери камсыздап келгенбиз. Үйүмө конок келсе чуркап келип идишимди кармаша калып ал келин менен жакшы мамилеле болуп калгам. Кээде арманын айтса кошо ыйлап, колумда болуп калса балдарына кийим-кечеден бери алып бере калчумун. Көрсө мындайлар жылан болот экен. Мени алдап батириме кирип, болушунча бактырып күйөөм менен интим мамиле куруп жүрүптүр. Аны кокусунан билип калдым. Эми айтсам мени батирден чыгарам деп ойлобо болбосо журналистерди чакырып мени кыйнап кармап зордоп жүрөт  деп айтам деп бет тырмачылык кылып жатат. Андан да кошуна батирдеги келинден акча алыптыр эми аны да бизге төлөткүсу келип жатат. Мындай өзун байкуш көргөзүп адамды күйгүзгөн жыландан кантип арылсам болот?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *