Саясат

Байгазиев: “Келесо адамдар эле кечки саат 10дон кийин эшикке тентип чыгат”

Улуттук энергохолдингдин Токтогул суу сактагычындагы сууну жана электр энергия жарыгын үнөмдөө буйругу, коомчулукта талкуу жараткан. Бул боюнча “Улуттук энергетикалык холдингдин” төрагасы Таалайбек Байгазиев “Биринчи радиого”  түшүндүрмө берген. 

Күндүз деле жарык чырактары күйгөн убактар көп болуп жатат. Кыргыз өлкөсү боюнча 1 жарым миллион колдонуучу бар. Энергетиканын көйгөйү бул биздин жалпы журттун көйгөйү. Бирок муну көйгөйгө чейин жеткирбешибиз керек. Үнөмдөп пайдаланышыбыз зарыл. Күндүз кафелер той башталганга чейин эле саат 17:00дө жанынан өтүп бара жатсаң жарык чырактары күйүп жаткан болот. Ал эми сейил бакта таң атканга чейин күйгүзүп эмне кереги бар? Акыл-эстүү киши саат 22:00гө чейин эле сейилдеши керек. Андан соң ашыкча жарыкты күйгүзүп эмне зарылчылыгы бар? Саат 23:00дөн кийин өчүрүп коюу зарыл“, – деп билдирген Байгазиев.

Эске сала кетсек, кечээ, 29-сентябрда “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *