Шоубизнес

Баяна Кулова: Анжелика Мараттын жубайы сени баардык жактан талкалап, тебелеп салганын унуттуңбу?

Бул тууралуу журналист Баяна Кулова  жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди

Анжелика!! деги сен өткөн баскан күндөрүңдү бир карап коёсуңбу?
Сенден итим да кечирим сурабайт, кыялыңа келбесин. Сени адам кылып сахнага жетелеп чыккан Айчүрөк Иманалаиевадан баштап, (кимдер менен гана урушпадың дейсиң. Мен акыркысы эмесмин кыскасы) коркутуп койгон Ормон опузаң мага такыр эле өтпөйт, ойлонбо. Мен азыр сендей акылсызга теңелгим келбей атат. Теңелсем жаман болосуң, соттун алдында өзүң жооп берип, мени олтур деп кекетип аткан темир тордун артына өзүң олтуруп калып жүрбө. Сен иштөөсүн каалап аткан мыйзам мени да коргойт. Мен арыз жазуу үчүн адвокаттар менен кеңешип, оюңа түшүңө кирбеген, бир өмүр кутула албай турган доону коюп койсом, баягы Айзаданы ээрчитип келгендей суудан чыккан чычкандай шөмтүрөп алдыма олтуруп калба. Сенин “укмуштай маданияттуу” сөздөрүңдүн баары менин да моралдык абалыма доо кетирип атат, постторуңду карап кой жакшылап. Карабасаң ал сенин проблемаң, мен дагы жарандык укугумду пайдаланам, анда накта шермендең чыгып жүрбөсүн. Үч кызын жалгыз багып аткан аялды жөн коёюн деп карманып турам, чындап ачуума тийсең байкуш, сен миллион жолу кайталап аткан мыйзам сага да иштейт. Асмандан түшкөн эмессиң.
Анан Марат жөнүндө жазып койсом күлкүнү келтирип жеке жашоомо асылып дейсиң го. Мен сенин Марат менен болгон романыңды азыр ачыктап салгандай ызылдап. Унутуп калган болсоң мына👇👇👇👇 мага чейин сени жазып, керек болсо Мараттын жубайы сени баардык жактан талкалап, тебелеп салганын унуттуңбу? . (укмуш көп жазышкан экен, скирндеп бүтө албай койдум) Ошондо бүлөсүн сен бузуп жүргөн (Муну Мараттын аялы аябай көп айткан болчу) аял зыркырап жүргөндө дагы “кой эми, менден башкасы жетиштүү”-деп ооз ачкан эмесмин, сага көрсө эч нерсе жетишпейт турбайбы. Хотя, үй-бүлөлүк баалуулук дегенди каттуу карманган мен сага окшогондордун жоругун тебелеп салууга акым бар болчу.
Жеке жашоом дейсиң да, сенин жеке жашооң мени кызыктырмак эмес эгерде сен анын баарын жашыруун кармасаң, СМИлерде шардана болбосоң. Мен жеке жашооңо асылбай эле өткөн кеткен жашооңду эсиңе салып атам. Мен чындап чыгарсам (азыр личкама укмуштуудай маалыматтардын баарын жиберип атышат)…ошол күйөрман, кыздарың, ата-энеңдин алдында уяттан башыңды көтөрө албай калба. Бирок сенде барбы ошол, ал башка маселе…

Сен ушул 👇👇👇 СМИлерге чара көр, бизге маалымат жеткирген, чара көрө албайсыңбы жеке жашоом деп качанкы элге айтылып даңаза болуп бүткөн жоругуңду мага чаптабай эле кой, мен андайдан аябай жийиркенем….

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *