Албетте айлананы  карадым баарын кунт коюп уктум, аягында  корутунду чыгардым! Президентибиз бар, Конституциянын гаранты бар, билимдүү, акылдуу, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү Лидерибиз бар! Мен буга чейин эмне болуп жатканы тууралуу пикир калтырган эмесмин.  Бүгүн мен ишенем деп айткым келет. Жарыла турчу шишик жарылыш үчүн дагы үч жыл күтүшүбүз керек беле?  Болгон окуя шишикти жарды. Мындан аркысы баары жакшы нукка бурду. Шериктештик өлкөлөрүнө рахмат айткым келет, силер болбосоңор,  биз башка реалдуулукта жашап, кийимдерибизди түйүп алып бакыт издеп башка өлкөгө бет алып өз мекенибизди таштап кетмекпиз. Бул тагдырлуу чечимди өз убагында кабыл алганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирем! Мен светтик өлкөдө жашагым келет бирок, биз сөздүн жакшы маанисинде демократияга али даяр эмеспиз, бул күндөр буга далил болуп калды. Билими төмөн, сабатсыз көп сандаган мародерлор дагы бир жолу чындыкты тыкыр ашкереледи.   Дегеле президент коомдун эң азаптуу жерлерин басып өттү, катачылыкты бир жылда бир күндө оңдоо мүмкүн эмес, бирок бизге үмүт берди!