
БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат
07-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБириккен Араб Эмираттарынын Masdar компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президент Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруини кабыл алуу учурунда белгилүү болду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөлөр ортосундагы өнүгүп келе жаткан кызматташтыктын келечеги, соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилеп, БАЭ араб ааламында негизги соода өнөктөш экенин айтты.
Булак; Аргумент кж