Саясат

«Бадыраң министри» Тилек Токтогазиев кимдин планын ишке ашырганы жүрөт?

Былтыр октябрь айында элдер бир кудайдын пендеси менен тааныш болуп калышты. Анын аты жөнү Тилек Токтогазиев. Анткени шайлоого чейин аты жыты белгисиз неме эле, шайлоодо шарт этип чыга калып кыйла журтка таанылды.
Былтыр 5-октябрда Атамбаев, Бабановдорго кошулуп аянтта арты түшкөн аюдай бакырып жатышты эле, жаалданган эл чилдей кууп таркатты баарын.
Ошол бойдон тим калбай, аттын башынан да чоң амбициясы тынчтык бербей улам кайра бийлик деп ат салды.
Эмнеге жаштарга кызмат бербейсиңер, реформа кылчу бизбиз деп эч кимге тынчтык беришкен жок.
Менин айыл чарба боюнча тажрыйбам бар, бадыраң эккен теплица кармайм деп безилдеп жатып айыл чарба министри болду. Ошентип, Элвира Сурабалдиева экөө тең кызмат алышты.
Бирок, турмуш кийин көрсөткөндөй, көчөдө кыйкыруу башка да, жумуш аткаруу башка экен. Тилек иштей алган жок айыл чарба министри болуп. Анын бадыраң өстүргөн баба дыйкан экени да калп экен. Элге «бадыраң министр» деген лакап аты калды.
Ошентип эңсөөлөрүн баскандай болду эле, бирок мансапкор кишиге даба жок экен. Кайрадан парламенттик шайлоого аттанып жатат ошолор. Чамасы устаты Өмүрбек Чиркешович «Трибунага жеткиле эптеп, ал жерде сенин колуңдан эмне келгенин эч ким териштирбейт. Сындап, элге жакшы көрүнүп отура бересиң», деген го чамасы. Айтор бир өңчөй популисттер биз жашпыз орун бере койгула деп демитип дагы чыгабы деген ой калды бизде.

Касымбек Жумаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *