Бабановго башкы компромат Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунда жатабы?

Бабановго башкы компромат Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунда жатабы?

12-чын куран, 2017-ж // //

“Мен биринчи миллионумду кантип тапкам?” эстафетасынын кезеги Өмүрбек Бабановго жетти. Тагыраагы ал коомчулукка атаандаштарынан мурун байлыгынын бир четинин таржымалын айтып берүүгө аргасыз болду. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан Бабановдун тууганы Бишкекте курулуп жаткан “Asia mall” соода борборуна 17 миллион доллар кредит алганын өзү тастыктап, аны менен аталган фонддон “Asia mall’дон” башка соода борборлоруна да кредит берилгенин билдирди. Бирок алардын аталыштарын Бабанов атаган жок. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Кыргыз өлкөсү Бажы союзуна кирүү алдында түзүлүп, анын башкы максаты мамлекеттин экономикасынын приоритеттүү тармактарын, анын ичинде агроөнөржай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылайт деп жарыяланган. Мындайча айтканда, фонд тарабынан берилчү акча өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга жумшалышы керек болчу. Буга Бабанов “фонддо кредит берүүдө чечимди бир гана кыргыз тарап эмес, орусиялык тарап да чечет. Биз талаптарга жооп бербесек, кредит да беришмек эмес” деп жооп узатты. “Республика-Ата Журттун” лидери биринчи миллионун Казакстанда жүрүп, мунай тармагындагы бизнесинен 27-28 жашында тапканын айтты. Өнөктөшү менен түзгөн “Альянс” компаниясындагы 50 пайыздык үлүшүн 36 жашында 100 миллион долларга сатканын билдирди. Азыркы байлыгынын эсеби боюнча “ал экономикалык кырдаалдан көз каранды” деп кутулду. Негизи эле маалымат жыйынында Өмүрбек Бабанов бир канча жолу журналисттерге тактоо киргизүүдөн тажабай, “мага таандык мүлк – бул Бабановдордун үй-бүлөсүнө таандык” деп кайталап жатты. Өзүнүн ысымына катталган кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөн тышкары 15-20 күлүккө ээлик кыларын, ал эми өзүнүн үй-бүлөсүнө катталган Москвада үйү жана жубайынын бизнеси бардыгын, жалпы Бабановдордун үй-бүлөсүнө бир туугандарынын бизнестери кирерин айтты.
Ишкердиктен саясатка ооп, бирде оппозицияда, бирде бийликте жүрүп, 2010-2015-жылдардагы парламенттик шайлоодо өзү баштаган партия Жогорку Кеңешке өткөн, өкмөт башчылыктын да даамын татып көргөн Бабанов жогорудагы акчага байланыштуу сөздөрдүн баарын “каралоо, жалаа жабуу” деп атап, ага президенттик шайлоонун жакындап келе жатканын себеп катары көрсөттү. Ошентсе да саясий билдирүү жасоодон абайлап, учурдагы саясий кырдаал жана президенттикке талапкерлигин коюу боюнча билдирүү кийинчерээк болорун айтты. “Шашкан шайтандын иши” деген Бабанов азыр дале эмне жоготорун, эмне утарын эсептеп жаткан өңдүү. Бүгүнкү пресс-жыйында айтылган маалыматтардын бири, тактап айтканда, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондундагы каражаттын бөлүштүрүлүүсү бир нерсени ачыктады. Бул каржы фонду Кыргыз жериндеги бир ууч байларды мындан ары да байытууга иштеп жатыптыр…

Супер.кж