«Баарыңарды каматам!» Министр Бейшеналиев менен медицина кызматкерлеринин жолугушуусунда чыр чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Акпай Сарыбаевдин ордуна Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Медет Бейшенкуловду жамаат менен тааныштыруу үчүн барган.

Ал жыйындын Интернетте тараган видеосунда министр менен оорукананын айрым кызматкерлеринин кайым айтышын көрүүгө болот. Өзүн борбордун юристи катары тааныштырган Жумгал Өмүралиев Бейшеналиевди “көчөдөн келген министр” деп сындагандан кийин кайым айтышуу күчөп, министр жетекчи алмашканы жөнүндө буйрукту окуп, кетип калган. Жыйын 30-ноябрда өткөн. Видео 11-декабрда тарады.

Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиевден аталган окуя боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш Бейшеналиевге ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган.

28-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров милдеттерин так аткарбады деген негизде ага эскертүү берген.

Өткөн аптада Бишкектеги Кардиология жана терапия улуттук борборунда жана ага караштуу Кыргыз-индия илим-изилдөө борборунда ири каржылык мыйзам бузуулар орун алганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирип чыккан. Эки мекемени тең 10 жылдан бери жетектеп келаткан Акпай Сарыбаевдин эки кызматта турушу мыйзамсыз экенин айткан.

Сарыбаев айрым маалымат каражаттарына берген комментарийинде дооматтарды четке какты

Аргумент.kg